Сулайманов: Сатыбалдиев ден соолугунан улам медициналык текшерүүдөн өтүүнү суранды

Дата: 10:02, 17-08-2018.

Бишкек. 17 - августь. КирТАГ – Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупциялык иштерге байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугунан улам медициналык текшерүүдөн өтүүгө муктаж экенин билдирди. Бул тууралуу аны менен жолугушуп чыккан Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, Сатыбалдиев жүрөгүн текшертүү үчүн төрт-беш күнгө ооруканага чыгарууну өтүнгөн.

- Мен абактагы мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевге жолугуп чыктым. Осмонбек Артыкбаев ооруканадан текшерилип келсе, Сатыбалдиевдин маселеси каралат деп сөз болуп жаткан. Азыр жүрөгү кармап жатканын айтты. Ал буга чейин операция болгонун, 2013-жылы инфаркт болгонун айтты. Исаков ден соолугуна арызданган жок.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Жантөрө Сатыбалдиевдин абалы канааттандырарлык экенин “Азаттыкка” билдирди. Аны тергөө абагындагы дарыгерлер көзөмөлгө алып турарын кошумчалады.

Буга чейин ЖЭБ боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев да жүрөгү кармап, ооруканада дарыланып чыккан.

Мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.


Поделиться новостью: