Шаршембиде Кыргызстанда күн жаашы күтүлөт

Дата: 07:53, 19-09-2018.

Бишкек.19- сентябрь. КирТАГ – Шаршемби күнү Кыргызстандын айрым райондорунда шаршемби күнү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет – деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы күндүзү Чүй облусунда +25+30°С, Таласта +23+28°С, Баткен облусунда +23+28°С, Жалал-Абад жана Ош облустарында +23+28°С, Нарын облусунда +19+24°С, Иссык-Көл облусунда +21+26°С.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы күндүзү +21+26°C.

Ошто да  күн ачык. Абанын температурасы күндүзү +28+30°C.

Поделиться новостью: