Шаршемби Кыргызстанда күндүз жамгыр жаабайт

Дата: 06:16, 22-03-2019.

Бишкек. 22 - март. КирТАГ – Жума күн Кыргызстан боюнча  өлкөдө түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз жамгыр жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө  +14...+19, Талас облусунда +14…+19,

Ысык-Көлдө +8…+13, Нарын өрөөнүндө +4…+9 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында   +11…+16 градус.

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13 градус болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы + 16…+17°, ал эми Ош шаарында +11…+16 градус жылуу.

Поделиться новостью: