Сауд Аравиядагы мунай объектилерине болгон дрондордун чабуулунан кийин нефть кымбаттап кетти
Бишкек. 16 - сентябрь. КирТАГ – Сауд Аравиядагы мунай объектилерине болгон дрондордун чабуулунан кийин нефть кымбаттап кетти. Бул тууралуц ТАСС жазды.
Мунайдын Brent маркасы Лондон биржаларында баррели 13,86%дан 69,91долларга чейиг кымбаттаган. Биржалардагы жогорку баа биринчи минуталарда нефтинин баррели 69,91долларга чейин чыккан.
Акыркы жолу 2019-жылдын май айында аталган марка эң кымбат $71 сатылган. Ал эми октябрь айында болсо, WTI маркасы 11,23% – $61,79 чейин кымбаттаган.
Ал эми кайра нефть казылгандан кийин Brent марка мурунку баасына баррели 67 долларга түшкөн.
Нурсултандын убактысы боюнча учурда мунайдын Brent маркасы $67,67/барр түзүүдө.