Сөз эркиндигин коргоо комитети президенттен Коргоо кеңешин өткөрүп, ошол жыйында камактагы саясатчылардын ишине саясий баа берүүнү суранды

Дата: 12:05, 22-05-2018.

Бишкек. 22 - май. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандагы Сөз эркиндигин коргоо комитети президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, камактагы саясатчылардын кылмыш иштерине көңүл бурууга чакырды. Уюм УКМК жана Башкы прокуратура тарабынан козголгон иштерди “атайылап токулган айыптоо” деп атап, мамлекет башчыны Коргоо кеңешин өткөрүп, ал иштерге ошол жыйында саясий баа берүүнү суранат.

Комитет “иши кайра каралышы керек” делгендердин тизмесине камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Канат Исаев, Мелис Аспеков, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Садыр Жапаров, Абдылда Капаров жана Максат Кунакуновду кошкон.

Уюм аты аталган саясатчылардын баары мурдагы бийликтин курмандыгы болушканын белгилейт. Бул куугунтуктун максаты оппозицияны жок кылуу, саясий талааны тазалоо жана бардык альтернативдүү пикирлерге басым кылуу болгону кайрылууда айтылат.

Сөз эркиндигин коргоо комитети ошол себептүү камактагы саясатчылар күнөөсүн мойнуна албай турганын, ага карабай президентти аларга ырайым кылуу же мунапыс кылуу аркылуу чукул арада чыгарууга чакырат. “Акыйкат жана адилет сот болсо алар камактан чыккандан кийин актыгын далилдеп алат” деп белгилейт кеп болуп жаткан уюмдун мүчөлөрү.




Поделиться новостью: