Президент Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрөт
Дата: 14:39, 17-12-2018.
Бишкек. 17 - декабрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын берет. Бул тууралуу КирТАГга өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымат караганда, президенттин пресс-конференциясы 19-декабрда «Ала-Арча» резиденциясында өтөт.
Бул Сооронбай Жээнбековдун президент катары жыл жыйынтыгын чыгарган алгачкы маалымат жыйыны болуп саналат.