Пилоттук долбоордун катышуучулары электрондук эсеп-фактураны тариздөөнү тесттен өткөрө алышат
Бишкек. 21-ноябрь. КирТАГ –Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоордун катышуучулары ЭЭФ маалыматтык системасы аркылуу электрондук эсеп-фактуралардын таризделишин тестирлөөдөн өткөрүүгө болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн Салык кызматы өзүнүн www.sti.gov.kg расмий сайтында атайын “Электрондук эсеп-фактура” бөлүмүн түзгөн, ал сайттын башкы бетинин сол тарабында жайгашкан. Көрсөтүлгөн бөлүм аркылуу тесттик сервиске өтүүгө болот, анда долбоордун катышуучулары пайдалануу шарттары менен таанышып, сынамык электрондук эсеп-фактураларды тариздей алышат.
Мындан тышкары, тесттик аянтча төмөнкү шилтеме боюнча жеткиликтүү: www.testesf.salyk.kg.
Эскерте кетсек, электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасы эсеп-фактураларды тариздеп, аларды контрагентке реалдуу режимде өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
МСКнын электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоору Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык ишке киргизилген. Пилоттук долбоор өткөрүлгөндөн кийин 2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет бардык КНС төлөөчүлөргө, импорттоочуларга жана экспорттоочуларга жүктөлөт.
Кеңири маалыматты Салык кызматынын расмий сайтынын “Электрондук эсеп-фактура” бөлүмүнөн же 1240 телефону аркылуу алууга болот.