Оштун борбордук базарында этно шаарча курулат

Дата: 12:16, 17-10-2018.

Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ – Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн  борбордук базарда этно -  шаарча куруу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Таалайбек Сарыбашовдун айтымында, туристтик тармакты өнүктүрүү үчүн милдетүү иштер жасалышы керек.

«Кылымдар бою тарыхы бар борбордук базарда этно – шаарча курууну башташыбыз керек. Бул иш бир күндө эле пайда болгон жок, план менен милдетүү түрдө аткарылышы керек болгон жумуштар. Базардын ичине этно көчөлөр салынып, туристтер биздин баалуулуктарыбызды көрүшү керек. Соода орундары болсо улуттук стилде, улуттук орнаменттер менен жасалышы керек. Ошко келген ар бир турист бул шаардын тарыхын, улуттук ашканасына жана колоритине күбө болушу керек», - деди мэр.


Поделиться новостью: