Ошто Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөт башчыларынын тар чөйрөдөгү жолугушуусу өттү

Дата: 13:19, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ – Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын алкагында Ош шаарында Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки жактуу кызматташуулардын учурдагы абалы жана актуалдуу темалар, ошондой эле чек аралык кызматташтыкты мындан аркы өнүктүрүү келечектери талкууланды.

Поделиться новостью: