Ошто 12 киши күйдүргү менен шектелип ооруканага жаткырылды
Бишкек. 15 - август. КирТАГ – Альбина Метерова. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 12 киши күйдүргү белгилери менен шектелип, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу КирТАГга Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, ооруканага түшкөндөр, Карагуз айыл өкмөтүнүн Калматай жана Кыз-Мазар айылдарынын тургундары болууда.
Азырынча дарттары так аныкталган жок. 12 киши тең эт жеп, күйдүргү белгилелери шектелип ооруканага жаткырылган. Учурда анализдер текшерилип жатат», - деди Ж.Айгерчинова.
Ал ошондой эле ооруканага түшкөндөрдөрүн абалы жакшы экендигин, керектүү дарыларды алып жатканын кошумчалады.