Лондондогу банктар аралык фиксингдердин жыйынтыгында алтындын баасы түштү
Бишкек. 18- февраль. КирТАГ – Алтындын бирдиктүү кабыл алынган баасы Лондондогу банктар аралык фиксингдердин эрте мененки жыйынтыгы боюнча 1316,55 долларды түздү.
Дүйшөмбү күнкү фиксиңгдерге алтындын унцийи 3,75ге түштү.
Алтындын унцийи евро менен 1168,17 (-0,11), британ фунту менен болсо 1027,17 (-0,47) түзгөн.
Банктар аралык фиксингде алтын күн сайын Гривинчин убактысы боюнча саат 10.30 жана 15.00 саттыкка чыгат. Фиксингдин жыйынтыгы дүйнөлүк алтын соода жүгүртүүдө колдонулат. Алтындын баасын белгилөөгө алтын жеткирүүчү 5 каржы институт катышат.