Кыргызстанга паспортсуз кирүүгө аракет кылган Өзбекстандын жараны кармалды
Дата: 13:28, 18-02-2020.
Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – «Достук- унаа жолу» көзөмөл өткөрүү пунктунан мыйзамсыз өтүп бараткан Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1996-жылда туулган Т.Н. аттуу Өзбекстандын жараны паспорт текшерүүчү жерден байкатпай өтүп кетүүгө аракет кылган.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.