Кыргызстандык зергерлердин атамекендик сырьёну алууга мүмкүнчүлүгү жок

Дата: 13:19, 18-07-2018.

Бишкек. 18 - июль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстандык зергерлер атамекендик сырьёну алууга мүмкүнчүлүк жок. Бул тууралуу ювилердик ассоциациянын жетекчиси Сталбек Акматов журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстандагы зергерлердин абалы оор.

Башка өлкөлөргө караганда, Кыргызстандын алтыны бар, алтынды казуу иштери жүрүп жатат. Бирок ага карабай легалдуу зергерлик оор абалда калууда.

«Кыргызстанда зергерлерге атамекендик сырьёну алууга мүмкүнчүлүк жок. Алар башка жолдор менен сатып алууда. Легалдуу эмес болгондон кийин биз чайкоочулардан сатып алган болуп калабыз. Ювилердик дүкөндөрдөн келгенде алар арзан сатып алышат. Мындан алар сырье легалдуу эмес экендигин билүүгө болот», - деди С. Акматов.

Ассоциациянын жетекчиси ювилердик сектордо алтын буюмдарды жасаган 37 субъект бар. Бул тармакта кызмат көрсөтүүчү  447субъект болуп, жалпсынан 877 ишкана алтын менен тирилик кылат.

Анын пикиринде Кыргызстандын зергерлик тармагын өнүктүрүүгө шарт жок.

«Ювилердик тармакта кабыл алынган нормативдик-укуктук актыларга карабай, тармакта өзгөрүү байкалбай эле. Биз эл аралык көргөзмөлөргө катышалбай, эл аралык рынокко чыгалбай жатабыз», - деп кошумчалады ал.

Поделиться новостью: