Кыргызстанда салмагы 6 килограммдан ашык бала төрөлдү

Дата: 14:13, 20-07-2018.

Бишкек. 20 - июль. КирТАГ – Бишкектеги №1 төрөт үйүндө салмагы 6 кг 230 граммдан ашык ымыркай төрөлдү. Чүрпөнүн боюу 58 сантиметр. Бул тууралуу «Комсомольская правда» жазды.

Ымыркай эненин курсагын кесүү жолу менен жарыкка келди.


Баланын энеси төртүнчү ирет төрөп жатат. Ал 2013-жылы эгиз балдарды дүйнөгө алып келген. Ымыркайдын мынчалык чоң болоорун биз күткөн эмеспиз. Энеси көп тамак жейтургандыгын моюндаган эле. Табитинен эч арызданчу эмес. Мына баатыр баланы төрөдү», - деди башкы гинеколог Раиса Асылбашева.


Көз жарган аял 34 жашта болуп, Бишкекке төрт жыл мурун Баткенден көчүп келген.

Учурда ымыркай энеси менен, абалы дурус. Дарыгерлер беш күндө эне баланы беш күндө үйүнө чыгарганы турат.

«Бала 36 айлык болгондо биз энелерге тамак-ашка көңүл буруу керектигин айтып келебиз. Таттуу, камыр тамактарды азайтуунун сунуштайбыз. Бирок тилекке каршы туура эмес тамактануудан кош бойлуу айымдар зыян тартып эле келе жатат», - деди А. Байтикова.

Адистердин айтымында,  Кыргызстанда 6 килограммга чейин салмакта төрөлгөндөр чанда гана кездешет.



Поделиться новостью: