Кыргызстанда рейддин жүрүшүндө ок атуучу 215 курал алдынды
Бишкек. 22 марта. КирТАГ – Бишкекте рейддин жүрүшүндө 215 даана ок атуучу курал алынды. Бул туурасында баш калаанын ИИББ билдирет.
«Нооруз-2019» майрамдык иш-чараларына даярдануу жана өткөрүү маалында мамлекеттик коргоодогу имараттардын жана жогорку кызматтагы меймандардын коопсуздугун камсыздоо максатында 2019-жылдын 18-мартынан 19-мартына чейин куралдарды мыйзамсыз соодалоо, жоголгон, уурдалган жана тартылып алынган куралдарды аныктоо боюнча республиканын аймагында ыкчам-профилактикалык иштер жүргүзүлдү.