Кыргызстанда гемодиализге кезек күткөндөр жок, бейтаптар камсыздандыруу линияларынан дарыланып жатат

Дата: 09:14, 18-05-2018.

Бишкек. 18 - май. КирТАГ – Кыргызстанда гемодилаизге кезек күткөндөр жок. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандагы гемодиализ оорулар коомчулугунун төрагасы Венера Ташманбетова 120 бейтаптын баарына гемодиализ берилгендигин билдирди. Башка бейтаптарга болсо медициналык камсыздандыруу мекемелеринен да берилип жатат.

«Республика боюнча гемодиализге кезекке тургандарды баарына жеткирилди. Тилекке каршы маселе чечилгенче 11 бейтап каза болуп калды», - деди Ташманбетова.

«Өкмөттүн чечими менен гемодиализ менен камсыздоого кошумча 68 млн сом бөлүнгөн. Биздин 9 жеке медициналык мекеме менен келишимибиз бар. Үч күн ичинде бейтаптардын 80%дан көбурөөгү керектүү медициналык жардам алды. Бүгүнкү күндө КМКда 500 пациентке жардам берилип жатат», - деди милдеттүү камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев.

Поделиться новостью: