Кыргызстанда алгач ирет сегиз кырдуу монета чыгарылды

Дата: 10:59, 01-11-2016.


Бишкек. 1-ноябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева.  Кыргызстанда алгач ирет сегиз кырдуу күмүш монета чыгарылды. Коллекциялык монета залкар акын жана ойчул, түрк поэзиясынын негиздөөчүсү, окумуштуу-энциклопедист Жусуп Баласагынга арналды. Бул тууралуу КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Лада Орозбаева шейшемби күнү маалымат жыйынында билдирди.

«Бүгүн КР Улуттук банкы «Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы» монетасын айлантууга киргизип жатат. Бул коллециялык монета Улуттук банк тарабынан ойчулдун идеяларын популярдаштыруу максатында, эл биримдигин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасын сактап, мындан ары өнүктүрүү үчүн чыгарылды. Белгилей кетчү жагдай, биз алгач ирет сегиз кырдуу монета чыгарып жатабыз. Мунун себеби, Бурана архитектуралык мунарасы да сегиз кырдуу негизде курулган. Мындай монеталар нумизматтардын арасында чоң популярдуулукка ээ», - деди Орозбаева.

Монетанын баасы 3420 сом. Бүгүнкү күндөн тарта аны Бишкектен сатып алууга болот, жакынкы күндөрдө монета облустук филиалдарында пайда болот.

Поделиться новостью: