Кыргызстанда 23-24-августта күндүн көзү бузулат. Каттуу шамал болуп, жамгыр жаайт
Дата: 11:23, 22-08-2019.
Бишкек. 22 - август. КирТАГ - Кыргызстанда 23-24-августта күндүн көзү бузулат. Каттуу шамал болуп, жамгыр жаайт. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Маалыматка караганда, тоолуу райондорго кар түшөт. Шамалдын ылдамдыгы 15-20 м/сек жетет.
Ысык-Көл районунун тоо этектеринен сел жүрүшү мүмкүн.