Кыргызстан көк бөрүнү өзүнүн эрежеси менен ойнойт, казакстандыктардын жаңы сунуштарын тааныбайт
Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Кыргызстан көк бөрүнү өзүнүн эрежеси менен ойнойт, казакстандыктардын жаңы сунуштарын тааныбайт. Бул тууралуу КирТАГга «Көк-Бөрү» федерациясынын жетекчиси Жыргалбек Саматов билдирди.
«Астанада көк-пардын дүйнөлүк ассоциациясынын жыйыны өттү. Казактар көк бөрүнү тай казансыз ойнойтурган норма ойлоп табыптыр. Бул жоболор бизди кызыктырбайт, биз өзүбүздүн эрежелер менен тактап айтканда тай казан менен ойной беребиз», - деди Саматов.
Анын айтымында, Астандагы жыйында эл аралык нормалар бузулган.
«Ал жерде биргана түрк элдеринин салтуу спорттук оюндарынын жыйыны өтмөк. Көк-бөрү Эл аралык федерациясынын өзүнүн жол-жоболору бар. Бул ассоциациянын жыйыны болгон. Биз ага чейин Бишкек жана Ташкентте өтөтурган Эл аралык көк-бөрү федерациясына катышууну чечкенбиз. Көк-бөрү федерациясы турганда кошумча ассоциация түзүүнүн кереги жок. Качан эл аралык федерация жабылганда гана ассоциация тууралуу сөз кылсак болот», - деди федерациянын жетекчиси.
Төртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк-бөрү кандай тартип өтөт деген суроого
Саматовдун айтымында, учурда Жаштар иштери жана дене-тарбия агенттиги ТүркиядаТөртүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда көк-бөрү кандай тартип ойнолотургандыгы тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатат
Эске салсак, күн мурун Астанада көк-пар ассоциациясынын жыйыны өткөн. Ага
Казакстан, Өзбекистан, Тажикистан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Россия жана Ооганыстан катышкан. Анда казактар көк-парды тай казансыз ойноону сунуштаган. Аталган жыйынга Кыргызстандын өкүлчүлүгү барган эмес.