Кыргыз фермерлери картошкаларын 5 сомдон да саталбай жатат

Дата: 11:08, 18-10-2018.

Бишкек. 18 - октябрь. КирТАГ - Мунара Боромбаева. Өзбекстан Кыргызстандын картошкасын киргизбей койгондон кийин, кыргыз дыйкандары картошкасын саталбай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы Ирина Карамушкина парламентте билдирди.

«Өзбекстан Кыргызстандын картошкасынк киргизбек койгондон кийин, фермерлер банкрот болуп жатат. Буга чейин Өзбекистан менен Кыргызстандын картошкасын импорттоо тууралуу келишимге кол коюлган. Фермерлер картошкасын беш сомдон да саталбай жатат», - деди ал.

Анын айтымында, Кочкор, Тогуз-Торо жана Ак-Суунун дыйкандары картошкасын өз баасында саталбай жатат.

Насыя алган фермерлер эми кантет? Картошканы сактап болбойт. Эне үчүн айыл чарба министрлиги картошканы жок дегенде Сибирга экспорттоо боюнча келишим түзө албайт»,- деди депутат.

Эске салсак, август айынын ортолорунда Өзбекстан Кыргызстандын картошкасына белгисиз себептерден улам тыюу салган. Кыргыз тараптын суранычы Өзбекстан азырынча жооп берген жок.

Кыргызстанда бул жылы 1 млн тонна картошка жыйналган.

Поделиться новостью: