Кургак чөпкө өрт коюу электр өткөргүч линияларынын авариясына жана жарыктын өчүүсүнө алып келүүдө

Дата: 12:04, 20-03-2019.

Бишкек. 20 - март. КирТАГ –  Төмөндөгү өрт электр өткөргүч зымдарынын авариясына жана электрдин өчүшүнө алып келүүдө. Бул туурасында «Кыргызстандын улуттук электрдик түйүндөрү» ААК билдирет.

2019-жылдын 19-мартында саат 17:35те «ТЭЦ Бишкек – Кант 2» жогорку вольттогу линия өчүп калган. Ага электр өткөргүч линиянын түбүндө чыккан өрт себеп болгон.

Аталган электр өткөргүч линиялар республиканын энергосистемасынын ишмердигинде маанилүү болуп саналат. Мындан өчүрүүлөр буга байланышкан стратегиялык энергообъекттердин ишинин начарлашына алып келет.

Акыркы айда Чүй облусунда жердеги өрттүн кесепетинен жогорку вольттук электр өткөргүч линияларда авария болгон.

«Кыргызстандын улуттук электрдик түйүндөрү» ААК кургак чөптү өрттөбөөгө жана энергообъекттерде өрт коопсуздугун сактоого чакырат.

Поделиться новостью: