Өкмөттүн жыйынында социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маселе каралууда

Дата: 12:10, 15-02-2019.

Бишкек. 15 - февраль. КирТАГ - Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасын 2018-жылы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маселе каралды.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги №2377-VI токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын ишке ашыруу боюнча 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн планын бекитүү жөнүндө маселелер каралат.
Жыйындын күн тартибиндеги маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын экономика  министри Олег Панкратов баяндама жасайт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды региондорду өнүктүрүүнүн жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын жана 2018-2022-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын региондук саясат концепциясын аткаруунун жүрүшү тууралуу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова кошумча баяндама жасашат.

Поделиться новостью: