Өкмөт декларация боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү бир жылдан бери артка тартып келатат

Дата: 12:35, 24-01-2020.

Бишкек. 23 - январь. КирТАГ – Айрым жетекчилер президентти, өкмөт башчысын, жалпы эле мамлекеттик бийликти жаман атка калтырып жатат. Бул тууралуу өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди

«Бизнесмендерге, жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөткөн Экотехинспекциядан башка мамлекеттик органдарда коррупционерлер жок дейсиңерби? Эл ичинде, бизнесмендердин арасында дээрлик бардык мамлекеттик органдарга, анын ичинде АКСке, Финполго, Госстройго, ГРС сыяктуу элге кызмат көрсөткөн  мамлекеттик органдарга нааразылыктар айтылып жүргөнүн билем, — деп баса белгиледи Президент. — Ооба, коррупция менен күрөштүн жемиштерин да көрүп жатабыз. «Бирок, «бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, мамл екеттик бийликке чиркөө болуп жаткан коррупционерлерден тазалана элекпиз. Массалык маалымат каражаттары канчалаган коррупциялык иштерди коомчулукка ачыктоодо. Көзгө сайып көрсөтүүдө. Жарандык коом ушунчалык колдоп жаткан соң, коррпуцияга каршы күрөш токтобойт.  Сиздер, укук коргоо органдарынын жетекчилери, өзүңөр жетектеген ведомстволордо жана министрликтерде реформалар жүргүзүлүп жатат деп бардык жерде айтып жатасыңар.

Реформалар жөнүндө жарыялап коюу оңой. Аны реалдуу ишке ашыруу, өз ведомствосун коррупционерлерден тазалоо, бул — башка нерсе. Бул жагында силер жүктөлгөн милдеттерди толук көлөмдө аткара албай жатасыңар», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы ушунун кесепетинен, жалпы эле мамлекеттик бийликтин аброюна шек келтрилип жатканын дагы бир жолу баса белгиледи.

»Бул укук коргоо жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өздөрүнүн министрлик, ведомстволорунун ичиндеги коррупцияга каршы күрөшкө көңүл кош мамилесинин жыйынтыгы», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков

Поделиться новостью: