Өкмөт башчысы транспорт министрине өлкөнүн жолдорунун абалы менен жеке таанышып чыгууну тапшырды
Бишкек. 6-май. КирТАГ — Өкмөттүн төрагасы Темир Сариев кечээ, 5-майда транспорт министри Аргынбек Малабаевди жана финансы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алды, бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Өкмөт мүчөлөрү Кыргызстандын транспорт тармагынын көйгөйлөрүн жана аларды чечүүнүн жолдорун талкууга алышты. Т. Сариев транспорт министринен Кыргызстандын жолдорунун абалынын мониторингин жүргүзүүнү жана оңдоого муктаж көйгөйлүү трассаларды аныктап чыгуу тапшырмасын берди.
Мониторингди ишке ашыруу үчүн министрлер кабинетинин башчысы, транспорт министри А. Малабаевге аймактарга жеке өзү чыгып жана жолдордун абалы менен таанышып чыгууну тапшырды.
Финансы министрине, өкмөт башчысы Т. Сариев Кыргызстандын аймагындагы жолдорду оңдоого жана курулушка кошумча каржылоо үчүн резервдерди табуу тапшырмасын берди.