ӨКМ: Кар астында калган жаныбарларды куткаруу жана чабандарга жардам берүү иштери жүрүп жатат

Дата: 11:34, 13-09-2019.

Бишкек. 13-сентябрь.  КирТАГ – Кар астында калган жаныбарларды куткаруу жана чабандарга жардам берүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Токтогул району. Алдын ала маалымат боюнча, 9-сентябрь күнү аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Жапыртмак жайлоосунда Талас районунун Долоно а/а Ак-Жар айылынын тургундары 2 чабан мал-жандыктары менен калып калышкандыгы тууралуу КР ӨКМне туугандары 12-сентябрь күнү кайрылышып, чабандарды мал жандыктары менен коопсуз жайга түшүрүп берүүнү суранган.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу, КР ӨКМдин Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмдөн 4 куткаруучу жана 6 туугандары “МАН” оор жүк ташуучу унаасы менен.

12-сентябрь күнү жерине саат 13:00дө Талас райондук №101 ӨКБдан 4 куткаруучу жана туугандары тарабынан 6 адам тартылган. Ошондой эле, 13-сентябрында саат 01:20да КР ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу Жапыртмак жайлоосу көздөй чыгып кетишип, Комсомол айылына саат 06:00дө жетишкен. Ал эми, 4 куткаруучу менен 6 туугандар 13-сентябрь түндө Музтөр жайлоосуна житишип, бирок күрткүдөн ары өтө албай кылашып, кайрадан Ала-Бел ашуусу аркылуу жолго чыгышып Терс жайлоосуна жетишкен.

Жалпы: болжол менен 2000 кой жайлоодо.

9-сентябрь күнү аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Кичи-Суусамыр жайлоосунда 7 чабан мал-жандыктары менен калып калышкан.

Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Токтогул райондук №97 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМнен 1 кызматкер жана тез жардам кызматынан 1 кызматкер

12-сентябрь чабандарды көчүрүп келүү максатында атайын ыкчам топ түзүлүп, 5 чабанды мал жандыктары менен аман-эсен коопсуз жайга түшүрүшкөн. Куткаруучулар туруктуу жайгашкан ордуларына кайтышкан. Ал эми 2 чабан мал-жандыктары менен 12-сентябрь күнү саат 03:00дө өз алдынча жайлоодон айылдарына аман-эсен түшүп келишкен.

Жалпы: 5 чабан түшүрүлгөн, 10000 кой 500 уй-жылкы түшүрүлгөн, болжол менен 50 кой өлгөн.

Аксы району. 10-сентябрь күнү аба-ырайы бузулуп, кар калың жааганына байланыштуу Ак-Суу а/а, Кум-Бел менен Миң-Бугу жайлоолорунда малчылар мал-жандыктары менен калып калышкан.
Тартылган күч жана каражаттар: КР ӨКМнин Аксы райондук №71 Өрт-куткаруу бөлүмдөн 6 куткаруучу, Кара-Суу а/а жайыт комитенен 1 кызматкер, тугандарынан 5 адам, Аркыт токой чарбасынан 5 кызматкер жана РИИБден 4 кызматкер.

11-сентябрь күнү чабандарды көчүрүп келүү максатында атайын түзүлгөн ыкчам топ, саат 16:00дө Кызыл-Көл айылына жетишип 2 топко бөлүнүп Кум-Бел жана Миң-Бугу жайлоолору көздөй чыгып кетишкен.

12-сентябрь күнү саат 16:00дө 1 топ Кум-Бел жайлоосуна жетишип, чабандарды мал-жандыктары менен күрткүдөн өткөрүшүп туруктуу жайгашкан ордуларына жиберген (чабандар ар кайсы айыл аймактардан болгондугуна байланыштуу мал-жандыктарынын санын тактоого мүмкүнчүлүк болгон эмес), натыйжада болжол менен 3 чабандын 8 жылкысы жана 13 баш кою өлгөн. Ыкчам топ Кум-Бел жайлоосунда түнөккө калышып, бүгүн эртен менен тактоо иш-чаралын жүргүзүүгө Эшен-Төр тилкесине чыгышат. Ал эми, Миң-Бугу жайлоосуна чыгып кеткен 2 топ менен байланыш жок.
Жалпы: 8 жылкы жана 13 кой өлгөн. Чабандар ар кайсы айыл аймактардан болгондугуна байланыштуу мал-жандыктарынын санын тактоого мүмкүнчүлүк болгон эмес.
Тогуз-Торо району. 9-сентябрда калың жааган кардан улам Кыл-Доо а/а, Саймалуу-Таш тилкесинде койчулар мал-жандыктары менен калып калышкан.

10-сентябрь күнү Чабандарды көчүрүп келүү максатында куткаруучулар, ИИМнен 2 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 3 адам, Тогуз-Торо районунун Саймалуу-Таш мамлекеттик жаратылыш коругунан 3 кызматкер тартылып, саат 18:26да малчыларды Кыл-Доо тилкесине мал жандыктары менен аман-эсен түшүрүшкөн.

Жалпы бол жол менен облус боюнча 10000 баш кой, 500 уй-жылкы түшүрүлгөн. 8 жылкы 63 кой өлгөн.

Поделиться новостью: