Казакстан Кыргызстан менен чектеш «Кордай» чегара пунктун жабат

Дата: 10:45, 19-02-2020.

Бишкек. 19 - февраль. КирТАГ – Казакстан Кыргызстан менен чектеш «Кордай» чегара пунктун убактылуу жабат. Бул тууралуу Казакстандын Каржы министрлиги билдиргенин КазТАГ жазды.

Маалыматка караганда, 20-февралдан тарта «Кордай» чегара көзөмөл пункту оңдо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат. Траспорттордун өтүүсүнө чектөө киргизилет. Жүргүнчүлөрдүн жөө өтүүсүнө гана уруксат берилет.

Транспорттор болсо башка чегара пункттары аркылуу ремонт иштерин аягына чыкканга чейин өтүп турат.

Поделиться новостью: