Казак-кыргыз чегарасындагы көзөмөл өткөрүү пункту оңдолот

Дата: 09:46, 08-02-2019.

Бишкек. 8 - февраль. КирТАГ – Казак-кыргыз чегарасындагы «Кордай» көзөмөл өткөрүү пункту оңдолот. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев билдирди.

«Инфраструктура жана индустрия министрлиги кыргыз-казак чегарасындагы «Кордай» көзөмөл өткөрүү пунктун реконструкциялоо боюнча долбоордун сметалык  документин иштеп чыгууда. Оңдоо иштери ушул жылдын аягына чейин бүтүшү керек», - деди Сагинтаев.

Анын айтымында, кыргыз-казак чегасындагы дагы башка 6 көзөмөл өткөрүү пункттары ремонтка муктаж эмес.


Поделиться новостью: