Касым-Жомарт Токаев кыска мөөнөттүү эс алууга кетти

Дата: 13:26, 22-07-2019.

Бишкек. 22 - июль. КирТАГ –  Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев  төрт күндүк кыска мөөнөттөгү эс алууга кетти. Бул туурасында мамлекет башчысынын басма-сөз кызматы билдирди деп жазат КазТАГ.  

"Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев 22-июлдан тарта төрт күндук кыска мөөнөттүү эс алууга кетти", - деп жазат президенттин пресс-катчысы Берик Уали.

Ал, Токаев эс алуусун Казакстандын аймагында өткөрүүнү пландоодо деп билдирди.

Поделиться новостью: