Караколдо жеңил унаа үйдү сүзүп, айдоочу каза болду

Дата: 08:33, 03-10-2018.

Бишкек. 3 - октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. Караколдо жеңил унаа үйдү сүзүп, айдоочу каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 3-октябрь күнү саат 01:30 чамасында Каракол шаарынын Пржевальский жана Харьковский көчөлөрүнүн кесилишинде Субару Форестер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай турак үйдүн дубалын сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын айдоочусу 1986-жылы туулган Ө.С. аттуу эркек киши каза болгон.

Куткаруучулары айдоочунун жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Поделиться новостью: