Кабыл Абдалиев Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Дата: 12:26, 22-07-2019.
Бишкек. 22 - июль. КирТАГ – Абдалиев Кабыл Кушбакович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.