Күйдүргүгө шектелген жарандардын абалы жакшы
Дата: 11:35, 16-08-2018.
Бишкек. 16 - август. КирТАГ – Күйдүргү оорусуна шектелип бейтапканага түшкөн жарандардын абалы жакшы. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, алар так диагноз коюла элек. Лаборатория 3-4 күндө кандын анализин чыгарат.
Эске салсак, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 12 киши күйдүргү дартына шектелип ооруканага түшкөн.