Индонезия Кыргызстандагы элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

Дата: 16:30, 18-12-2018.

Бишкек. 18 - декабрь. КирТАГ – Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары, Малайзия, Филиппиндер Республикасы, Сингапур, Индонезия, Таиланд жана Вьетнам Социалистик Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук топтун жетекчиси Абдывахаб Нурбаев Индонезиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Анак Агунг Где Алит Сантика менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Индонезия элчисинин дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу өттү.

Аталган комитеттин төрага орун басары А.Нурбаев Индонезия элчиси дипломатиялык миссиясын аткарган мезгилинде Кыргызстан менен Индонезиянын ортосундагы мамилени кеңейтүү жана бекемдөө боюнча көлөмдүү иштерди жасагандыгын белгиледи. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнү жандандыргандыгын кошумчалады.

Жолугушуу жүрүшүндө А.Нурбаев Кыргызстандын Индонезия менен достук мамиледе болууга чоң маани бере тургандыгын айтып, мындай карым-катнашты, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуу багытын мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгиледи. Ошону менен катар депутат жакынкы мезгилде баштала турган кыргыз-индонезия өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгү аркылуу экономикалык кызматташтыкты жандандыруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.

Өз кезегинде Индонезия элчиси Анак Агунг Где Алит Сантика дипломатиялык миссиясын аткарган учурда көрсөтүлгөн колдоолорго ыраазычылыгын айтты. Ал мындан аркы мамилелерди өнүктүрүү үчүн кыргыз-индонезия карым-катышында бекем пайдубал түптөлгөндүгүн белгилеп, келечектеги жаңы элчиге ар тараптан колдоо болооруна үмүт артты.

Баарлашуунун соңунда комитет төрагасынын орун басары А.Нурбаев маектешине элчи кызматында турганда кыргыз-индонезия мамилелерин жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча биргелешип алпарган иши үчүн ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди каалады.

Поделиться новостью: