ИИМ офицери шериктери менен бирге жарандарга бангизат ыргытып, кылмышты жабуу үчүн акча талап кылган

Дата: 09:08, 18-02-2019.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ -  Ички иштер министрлигинин офицери башында турган кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

УКМК маалыматына караганда, 600 доллар пара менен Бишкек ШИИББнын опер кызматкери, милициянын майору С.К. жана кылмышка катыштыгы болгон 1988 –жылы туулган А.К.,  жана 1975 –жылы туулган И.Н. кармалган.

Кылмыштууу топтун башында турган С.К. жарандарга банги затты ыргытуу аркылуу акча өндүрүү жолун иштеп чыккан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына 2019-жылдын 12-февралында А.А. аттуу жаран Бишкек ШИИББнын кызматкери кылмыштын изин жазышуу үчүн 100 миң доллар талап кылып жаткандыгын айтып, ага чара көрүүнү суранган.

Аталган факт кылмыштуулуктун бирдиктүү реестрине киргизилип, 1 бөлүм, 326-берене (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран УКМКнын абагына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.



Поделиться новостью: