Экс-президент Атамбаев 2017 – жылы 100 млн сомдон ашык киреше тапкан

Дата: 16:44, 06-11-2018.

Бишкек. 6 - ноябрь. КирТАГ – Мамлекеттик салык кызматы декларация боюнча мамлекеттик кызматкерлердин мүлктөрү, чыгымдары жана кирешелери тууралуу маалыматтарды жарыялай баштады.

Салык кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылы 100 млн 118 миң сом киреше тапкан.

Чыгашасы болсо 77 млн сомду түзгөн.

Декларацияга ылайык, Алмазбек Атамбаев жалпы аянты 9,1 гектарды түзгөн эки жер тилкесине, курулушу бүтө элек объектке жана уулунун башкаруусуна өткөн эки компанияга ээлик кылат.

Эске салсак, Атамбаев 2017-жылдын 24-ноябрына чейин президент болуп турган.


Поделиться новостью: