Депутат: Таалайкүл Исакунова кызматынан кеткени менен ишке чыгып, документтерге кол коюп жатат

Дата: 16:03, 17-10-2018.

Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ - Мунара Боромбаева. Иштен алынган Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова жумушка чыгып, документтерге кол коюп жатат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Аида Касмалиева парламентте билдирди.

«Мага министрликтин кызматкерлери өзүлөрү ага чалып, билдиришкен. Ысык-Көлдө көчмө жыйын болуп, ал жерде жөлөк пул боюнча абдан көп маселе айтылды. Элдин көбү жөлөк пул, сүйүнчү ала албай жатканда министрлик 1 миллиард 300 миллион сомду үнөмдөп калган. Ага 59 унаа сатып алып, интернаттар оңдолмок. Мен ошону текшерүүнү талап кылам. Аны Башкы прокуратура, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы иликтеши керекl», - деди А. Касымалиева.

Ал ошондой эле маалыматты УКМК жана АКК текшериши керектигин кошумчалады.

Башкармалыктын басма сөз катчысы, депутаттын айткандарын төгүндөдү.

«Исакунова жумуштан кеткенден бери министрликтин имаратына келген жок. Башкармалык штаттык режимде иштеп», - деди ал.



Поделиться новостью: