Депутат: 23 миң сом айлык алган судьялардын адилеттүү чечим чыгаруусуна ишенүү кыйын

Дата: 11:46, 17-10-2018.

Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ – Мунара Боромбаева. 23 – миң сом айлык алган судьялардын адилеттүү чечим чыгаруусуна ишенүү кыйын Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов парламентте билдирди.

Жогорку соттун алдындагы соттук департаменти сот Рустам Ибраимов, тергөөчү судьянын айлыгы 23 миң сом, жардамчысыныкы 10 миң сом, консултант болсо 10 миң сом, катчы 8 миң сом айлык алаарын билдирди.

«23 миң сом алган судья адилеттүү чечим чыгарабы? Бул суммага кандай жашайт. Судьялардын айлыгын көтөрүш керек. Материалдык колдоо болбосо соттук реформа жасоо мүмкүн эмес», - деди Дастан Бекешев

Адамдар кетип калып жатат. Кадрлардын тартыштыгы, бул чындык», - деп жооп берди Р.Ибраимов.

Поделиться новостью: