Дүйнөлүк биржаларда мунайдын баасы түштү
Дата: 08:38, 17-07-2018.
Бишкек.17 - июль. КирТАГ – Шейшемби күнү ири нефть биржаларындагы сооданын жыйынтыгында мунайдын баасы түштү.
Акыркы айларда Лондондогу Inter Continental Exchange (ICE) - ICE Brent Crude Futures фьючерстеринде мунайдын баррели 71,84 (-3,49) долларды түзгөн.
Ал эми New York шаарындагы Mercantile Exchange (NYMEX) жана Sweet Crude Oil нефть фьючерстеринин келишимдик баасы болсо, баррели 68,06 (-2,95) доллардан сатылган.