Чынгыз Айдарбеков Тышкы иштер министри болуп дайындалды

Дата: 16:18, 17-10-2018.

Бишкек. 17 - октябрь. КирТАГ – Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Айдарбеков Чыңгыз Азаматович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-абзацынын негизинде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды.



Поделиться новостью: