Чүйдө аракка ууланган 6 жашар бала каза болду

Дата: 10:16, 22-07-2019.

Бишкек. 22 - июль. КирТАГ –    Чүй облусунун Жайыл районунда алкоголдук ичимдикти мажбур жолу менен ичип ууланган 6 жашар бала каза болду. Окуя бүгүн, 20-июлда саат 16:00 чамасында болгонун Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусундагы координатору тастыктады.

11-июлда Жайыл районуна караштуу Ставропавловка айылында А.П. аттуу 60 жаштагы жаран менен каза болгон баланын апасы чогуу алкоголдук ичимдик ичип отурушкан. Аларга үйдүн кожоюнунун уулу дагы кошулган. Каза болгон баланын апасына чогуу ичип жаткан таанышы тийише бергендиктен ал үйдөн чыгып кеткен. Курсагы ачкан 6 жашар бала тамак сураганда үйдүн кожоюну ага помидор карматып эки рюмка арак ичирүүгө мажбурлаган.

Бала эртеси күнү ооруканага жеткирилгенин Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы маалымдаган.

Поделиться новостью: