Чүйдө 24-жашар жигит сууга агып кетти

Дата: 09:52, 16-08-2018.

Бишкек. 16 - август. КирТАГ – Альбина Метерова. Чүй облусунун Аламүдүн району Көк-Жар айылында 24-жашар жигит шар аккан сууга кулап кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

«Нөөмөт кызматына 15-август күнү саат 10:40та шар сууга 24 жаштагы жигит агып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Аны куткарууга ӨКМдин 9 кызматкери тартылган. Бирок баланы сөөгү табылбай жатат», - деп маалымдайт ӨКМ.

Поделиться новостью: