Үч миң кутудан ашык контрабандалык тамеки кармалды
Бишкек. 15 - август. КирТАГ – Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келинген 3 миң кутудан ашык тамеки кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.
«Акжол чегара бекетинде 15-августта Кыргызстанга контрабандалык жол менен тамекини алып кирүүгө аракет кылган Кыргызстандын эки Казакстандын бир жараны кармалды», - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын 1975-жылда туулган Н.С., жана 1974-жылы туулган Н.С. аттуу жарандар аксиздик маркаларды жок тамекини Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган. Продукция 1986-жылы туулган Казакстандын жаранына таандык болгон.
Документи жок 3740 куту тамекинин мыйзам алып келүү аракети көрүлгөн.