Бомба тууралуу билдирүүдөн соң Бишкектин аэропортунан жүргүнчүлөр жана кызматкерлер эвакуацияланды
Бишкек. 31-октябрь. КирТАГ – Айзура Чыкынова. Бомба тууралуу билдирүүдөн соң Бишкектин «Манас» аэропортунан жүргүнчүлөр жана кызматкерлер эвакуацияланды. Бул тууралуу КирТАГга КР ИИМ билдирди.
«Бүгүн саат 16:10до ИИББ 102 номуруна жашыруун телефондук чалуу болуп, «Манас» аэропортунда бомба коюлгандыгы айтылган. Аэропорттун кызматкерлери, баардык жүргүнчүлөр эвакуацияланды», - деп билдирди ИИМден.
УКМК кызматкерлери менен милиция кызматкерлери жеринде иш алып барууда.
«Азырынча эч нерсе табылган жок. Кошумча маалымат берилет», - деп кошумчалады ИИМден.