Бишкектин көчөлөрүнө кошумча жол чырактар орнотулат

Дата: 15:40, 18-02-2019.

Бишкек. 18 - февраль. КирТАГ – Мунара Боромбаева. «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын көчөлөрүнө кошумча жол чырактар орнотулат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек мэриясында «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында шаардын кесилиш жолдорундагы кыймылды жөнгө салууга арналган жыйын өттү. Жыйында Коопсуз шаар иштеп баштагандан бери айдоочулар бир топ кыйынчылактарга кабылып жатканы айтылды. Айдоочулар жол эрежесин сактоого аракет кылууда. Бирок ошол эле учурда жолдун башка кесилиштеринде унаа тыгындары пайда болуп, элдер жумушуна кечигип жатканы талкууланды.

Жыйындын соңунда Бишкек ШИИББ маселе жаралып жаткан кесилиштерге барып, абалды көрүү чечимин кабыл алды.
«Бишкекасфальтсервис» жана ИИМ төмөндөгү жолдордун кесилишине кошумча жол белгилери жана жол чырак орнототурган болду:

— 7 - Апрель жана Горький көчөсү (кошумча секция, түндүктөн түштүккө карай төртүнчү сызыктан оңго кайрылуу,);
— Курманджан Датка жана Чүй проспекти (жол чырак жана кошумча секциялардын убактысын узартуу);
— Чүй жана Фучика көчөлөрү (түндүктөн чыгышка карай экинчи сызыктан оңго кайрылуу,).

Муниципалитет Чүй  менен Жаш Гвардия бульвариндагы жүргүнчүлөр өтүүчү жол сызыкты (зебра) жок кылуу үчүн шаардыктардын пикирин күтүп жатканын кошумчалады.

«Аталган зебрада жол кыймылынын коопсуздугу сакталган учурда унаалардынг узун тыгыны жаралууда. Бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен аталган белгини алып салуу тууралуу чечим бар. Бирок бул маселени алгач шаардыктар менен талкууга алуу керек», - деп айтылат маалымат.

Сунуш жана пирилериңизди мэриянын почтасына [email protected] жана WhatsApp 0553013777 номерине жөнөтсөңүз болот.


Поделиться новостью: