Бишкекте мектептердеги орундан окуучулардын саны эки эсе көп

Дата: 17:06, 16-08-2018.

Бишкек. 16 - август. КирТАГ - Бишкек мектептериндеги орундан окуучулардын саны эки эсе көп. Бул тууралуу мэрия маалымдады.

«Бүгүнкү күндө муниципалдык мектептер 75 975  баланы кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок иш жүзүндө мектептердеги орундан окуучулардын саны эки эсе көп болууда. Маселен өткөн жылы 147 160 бала окуган. Бул жылы «Ак-Ордо» конушунда 960 балага ылайыктуу мектеп салынды. Реконструкциядан кийин № 25-мектеп ачылат», - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн Бишкектин вице-мэри Асель Куламбаева жаңы окуу жылына даярдык боюнча мектептерди кыдырып чыкты.

Ошондой эле Жалпыга билим берүү мекемелерин 2018-2019-жылына даярдыгын текшерүү үчүн комиссия түзүлдү.


Поделиться новостью: