Бишкекте коменданттык саатты бузган 119 адам кармалды

Бишкек. 1 - апрель. КирТАГ – Бишкекте түндө коменданттык саатты бузган 119 адам кармалганын шаар коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.
"Алардын ичинен 102и эркек, 17си аял, үчөө чет элдик жаран. Биринчи Май районунда — 55, Свердлов районунда — 80, Ленин районунда — 88, Октябрь районунда 80 пост иштеген. Түндө көчөлөргө жөө патрулдар чыгарылды. Орозалиев эреже бузгандардын саны күнүгө 100дөн азайбай жатат. Бул жакшы көрүнүш эмес"-деди Алмаз Орозалиев.
Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда коронавируска жуктургандардын саны 107ге жетти.