Бишкекте эларалык “Орусиянын гүлдөрү” маданий фестивалы старт алды
Бишкек. 25 март. КирТАГ – Бишкекте Орусиянын маданият министрлиги тарабынан уюштурулган эларалык “Орусиянын гүлдөрү” маданий фестивалы старт алды. Бул туурасында Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
Эларалык фестиваль Бишкекте 25-мартта башталып, 30-мартка чейин уланат. Маданий жана билим берүү мүнөзүндө өтүп, Кыргызстан тургундарын Орусиянын таланттуу балдарынын чыгармачылыгы менен тааныштырат.
«Көргөзмөгө Орусиянын ар кыл аймактарынын орто мектептеринин окуучулары тарткан 20 эмгек коюлмакчы. Авторлор 6 жаштан 16 жашка чейин. Сүрөттөр ар кыл жанрда, ар кандай техникада аткарылган», - деп белгиленет маалыматта.
Иш-чара А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүүдө. Орусия президенти Владимир Путиндин 28-мартта Кыргызстанга боло турган сапарына арналган.