Бишкек мэриясы газ менен жүргөн 100 автобусту каттамга киргизип, төрт айда 20 млн. сом үнөмдөдү

Дата: 10:51, 17-10-2019.

Бишкек. 17-октябрь. КирТАГ – Бишкек мэриясы газ менен жүргөн 100 автобусту каттамга киргизип, төрт айда 20 млн. сом үнөмдөдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык борбор калаада бир нече ай мурун ишке киргизилген жаратылыш газы менен жүргөн 100 автобус жарандарды тейлеп келет алар экономикага жана абанын булганышынын алдын алуу максатында сатылып алынган.

Ошондой эле мэрия «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен тыгыз байланышта кызматташып жатканын баса белгилейт. Белгилүү болгондой 4 айда муниципалдык автобустар 945 миң куб метр газ пайдаланган. Мында газ менен дизелдин баасында дээрлик 19,8 миллион сом айырма болгонун байкоого болот. Ал эми бул көрсөткүчтү жылдык эсеп менен айта турган болсок, 60 млн сомго жетет.

Эске салсак, коомдук транспортторду газдаштыруу аракети - таза экология, каржылык үнөм,  зыяндуу заттардын тарашын азайтуу жана экономикалык натыйжаны жогорулатуу максатын көздөйт.

Поделиться новостью: