Бейшембиде Кыргызстанда күн ачык болот
Бишкек.16- август. КирТАГ – Бейшемби күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 14 метрге жетиши күтүлөт – деп маалымдайт Кыргызгидромет.
Абанын температурасы күндүзү Чүй облусунда +29+34°С, Таласта +29+34°С, Баткен облусунда +30+35°С, Жалал-Абад жана Ош облустарында +30+35°С, Нарын облусунда +26+31°С, Иссык-Көл облусунда +22+27°С.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы күндүзү +32+34°C.
Ошто да күн ачык. Абанын температурасы күндүзү +33+35°C.