Бейшемби Кыргызстанда күн жылуу

Дата: 08:51, 30-05-2019.

Бишкек. 30 – май.  КирТАГ –  Бейшембиде «Кыргыз гидромет» борбору кабарлагандай, 30-майда жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35,

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 29…34,

Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 32…37,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18, күндүз 32…37,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26,

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 13…15°, күндүзгү жогорку температурасы 32…34 градус болот.

Поделиться новостью: