Бейшемби күнү Кыргызстанда күн жаайт

Дата: 07:31, 17-05-2018.

Бишкек. 17 - май. КирТАГ – Бейшемби күнү Кыргызстанда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт - деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы күндүзү Чүй облусунда +18+23°С, Таласта +17+22°С, Баткен облусунда +17+22°С, Жалал-Абад жана Ош облустарында +18+23°С, Нарын облусунда +14+19°С, Иссык-Көл облусунда +14+19°С.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы күндүзү +21+23°C.

Ошто да күн жаайт. Абанын температурасы күндүзү +20+22°C.

Поделиться новостью: